Парламенттин 12-июндагы жыйынында вице-спикер Асия Сасыкбаева Бишкек шаарындагы бак-дарактардан ылаң кетпей жатканын айтып чыкты. Анын билдиришинче, муну чиновниктер көрбөй жатышат.
“Бак-дарактар дагы эле ылаңдап жатат. Былтыр айтышкан, “дарылап жатабыз” деп, бирок жыйынтык чыга элек. Буга кайдыгер карасак, жакында кислороду жок калабыз. Дарылоо эмнеге жардам бербей жатат, сапатсыз дарыларбы? Муну изилдеп чыгышыбыз керек”,- деди депутат.
Жыйында ар түрдүү маселелер айтылууда.