Парламентте "Тынчтык митинги" тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Тынчтык митинги” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн, 15-январда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынына алып чыкты. Бул долбоорго ылайык, тынчтык митингинин өткөрүүгө тоскоол болгон мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат. Жыйында 2012-жылдын 3-октябрындагы "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу өткөн митинг тууралуу да сөз болду. “3-октябрдагы митингде, митингдин катышуучулары Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн учурда ал “Тынчтык митинги” деген статусун жоготуп, массалык баш аламандыкка айланган”, - деп кошумчалады Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан