Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрүнүн биринин өзгөчө кырдаалдар жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча адиси пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 11-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ош облусунун тургуну кайрылган. Анда ал айыл өкмөтүнүн кызматкери жер тилкеси боюнча документтерди жазып каттоону тездетүү үчүн акча талап кылып жаткандыгы тууралуу айткан. Бул боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кызматкер 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан