Ош. Өзгөн районунун өзгөчө кырдаал жана муниципалдык менчик боюнча адиси 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айылдык округунун өзгөчө кырдаал жана муниципалдык менчик боюнча адиси, 30 жаштагы М.Ф. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жер тилкенин иш кагаздары үчүн 6000 сом пара талап кылгандыгы боюнча 41 жаштагы Х.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде Өзгөн шаарында жайгашкан ун комбинатынын короосунун аймагында өзгөчө кырдаал жана муниципалдык менчик боюнча адис, 30 жаштагы М.Ф. арыз ээсинен 6 миң сом пара алып жаткан учурунда Ош ОИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ага карата Ош ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-б бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан