Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 6-июндан 11-июнга чейинки мезгилде ар түрдүү кесиптин ээлеринин 3 кызматкери пара алышкандыктары үчүн кармалышкан. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.