Бүгүн, 12-июнда өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Экономика министрлигинин адиси Кубат Өмүрзаков: “Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши бир топ терс натыйжаларды бериши мүмкүн”,- деп билдирди.
Анын айтымында, негизги натыйжалардын бири - инфляциянын өсүп кетиши. “Инфляция эки себептен болушу мүмкүн: бирдиктүү сырткы тарифти киргизүүдөн жана арзан баадагы товарлардын азайып кетишинен”,- деди ал.
“Инфляциядан тышкары экономикалык өсүүнүн басаңдашы, бюджеттин деңгээлинин азаюусу, жумушсуздуктун күчөп кетиши жана экспортёрлор үчүн чыгымдардын өсүшү сыяктуу натыйжалар да болушу мүмкүн”,- деп кошумчалады Өмүрзаков.