Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот айылдык округунун жер адиси, 36 жаштагы Р.З. жер бөлдүрүп берүү үчүн 10 миң сом пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга Сары-Колот айылдык округунун жер адиси Р.З. жер бөлүп берүү үчүн 10 миң сом пара алып, бирок жер алып бербей жүргөндүгү боюнча 41 жаштагы Т.Ж. арыз менен кайрылган.
Ал эми арыз ээсине "жер алып берем" деген убадасын аткара албагандыктан, пара катары алган 10 миң сом акчаны кайтарып жаткан учурда Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.