Өзбекстандан контрабандалык жол менен жер-жемиштер кирип жатат. Өкмөт шашылыш чараларды көрүп, ата мекендик дыйкандардын кызыкчылыгын коргоого тийиш. Бул тууралуу депутат Акылбек Султанов Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында билдирди.
"Кыргызстандын өзүнүн жер-жемиши бышып, сатыкка чыга баштады. Азыртадан өлкөнүн ички рыногун контрабандалык азык-түлүктөн коргоо чаралары көрүлбөсө, жергиликтүү дыйкандарга оорчулук түшөт. Өзбекстан газын бербей жатса, биз алардын жер-жемишин өткөргөнүбүз калыстыкка жатпай калат",- деп кошумчалады депутат.