Парламенттин 12-июндагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева журналисттерге кайрылып, маалымат берүүдө тийиштүү этиканы сактоого чакырды. Депутат мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын жарыялоодо жаман көрүнүшкө жол берилип жатканын айтат.
“Мамлекеттик кызматкерлердин декларациялары сайттарга чыгууда. Урматтуу журналисттер, тапшырган декларацияларына карап “миллионер депутат”, “БОМЖ депутат” деп атоону токтотсоңор. Журналисттик этиканы сактагыла”,- дейт депутат.