Бүгүн, 15-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын эксперт жана баяндамачы Мевлют Чавушоглуну кабыл алды.
Жолугушууда акыркы жылдары Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсү байкалганын, саясый өңүттөн алып караганда өлкө башчысы туура тандалганы айтылды. “2013-жылы 21-25-январда өтө турган ЕКПАнын кышкы сессиясы Кыргызстанда демократиянын мындан ары да өнүгүүсүнө чоң салым кошот деген үмүттөмүн” -деди Жантөрө Сатыбалдиев. Ал эми Мевлют Чавушоглу Кыргызстанда Парламенттик жана Президенттик шайлоо жакшы өткөнүн, ЖКнын ЕКПАнын “Демократия боюнча өнөктөш” макамын алуусун колдой турганын айтты. Айта кетсек, Кыргызстандын «Демократия боюнча өнөктөш» статусун алуу үчүн ЕКПАга сунуш жиберген, ал сунуш аталган Ассамблеянын кезектеги сессиясында каралмакчы.