Бишкек шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Бишкек шаарында жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-июнь күнү өрт өчүрүү кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Күрөңкеев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаанын күйүп жатканы айтылган. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматкерлери барышып, өрт толук өчүрүлгөн. Бактыга жараша, андан эч ким жабыркаган жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан