Көпчүлүк күйөрмандар жыл башынан тарта кеч кирген сайын же таң аткан сайын календарды карап, улам бир күндүн өткөнүн белгилеп жатканы таң каларлык эмес. 2014-жылдагы жылдын башкы спорттук окуясын зарыгып күткөн күйөрмандар үчүн бүгүн, 12-июнь адаттагы күндөрдөн айырмаланып турат. Ооба, урматтуу футбол сүйүүчүлөрү, сизди жана бизди 4 жыл бою күттүргөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигинин ай-күнү жетип, старт алуу алдында турат. Урматтуу окурмандар, алдыдагы күндөрдө SUPER.KG порталынан Дүйнө чемпиондугунда катталган жыйынтыктарды, бомбардирлер тизмесин, упай катыштыктарын жана атактуу футбол сүйүүчүлөрүнүн жоромолдорун көрө аласыздар. Азырынча көңүлдү ачылыш аземине гана бурууну туура көрдүк.
Футболдун дүбүртү жеткен бардык жерде кызыгуу туудурган аалам биринчилиги салттуу түрдө үй ээсинин оюну менен ачылат. Бүгүн түнү Бразилия курама командасы Хорватия менен кез келет.
Бразилия – Хорватия
Дата: 12-июнь (Бишкек саатын эске алганда 13-июнь болот)
Башталышы: 02:00
Шаар: Сан-Паулу
Стадион: “Арена Коринтианс”
Калыс: Юити Нисимура (Япония)