Парламентте бүгүн, 12-июнда "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 2-окууда жактырылды. Демилгечи - депутат
Дамира Ниязалиева. Мыйзам долбоорунда мектеп жашындагы балдарга жыныстык жактан билим берүү, “жалданма энелик” ыкмасын колдонуу жана башка нормалар бар. Айта кетсек, мыйзам долбооруна ылайык, балдарга жыныстык тарбия берүү үчүн атайын программа иштелип чыгып, мектептерде окутула баштайт.
Ниязалиева буга чейин
"Мектеп жашындагы кыздардын боюна бүтүп калышы кайдан чыгууда? Жаштарга жыныстык жактан туура тарбия берүүнү мамлекет колго алышы керек" деп билдирген эле.