Бишкекте "унаанын айнегин талкалап, ичиндеги буюмдарды жана акча каражатын уурдап кеткен" деп шектелип шаар туругуну кармалды

Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Тойота Лэнд Крузэр унаасынын айнегин талкалап, ичиндеги 200 доллар акча каражатын жана 150 долларлык жеке буюмдарын уурдап кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Р.Нурдан кармалды. Анын дагы ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар болушу мүмкүн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан