Жогорку Кеңеште бүгүн, 12-июнда газ маселеси боюнча ызы-чуу жаралды. Депутаттар өкмөттү кайрадан парламентке чакырууну талап кылышууда. Көпчүлүк депутаттар газ жана "Кумтөр" маселесин кароо аягына чыкпай калганын айтышып, маселени бүгүн кароону сунушташты.
Төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров бүгүн бул маселе каралбай турганын айтып, депутаттарды регламент менен иштөөгө чакырды.
“Мен кечээ өкмөттүн маалыматын толук угуп коёлу десем, эч ким макул болгон жок. Бүгүн бул маселе каралбайт”,- деди Зулпукаров.