Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондугунун ачылыш аземи болор күнү Рио-де-Жанейродогу 3 эл аралык аэропорттун кызматкерлери көтөрүлүшкө чыгышты

Бүгүн, 12-июнда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болор күнү Рио-де-Жанейродогу 3 эл аралык аэропорттун кызматкерлери көтөрүлүшкө чыгышты. Бразилиялык "Globo" телеканалынын маалыматына ылайык, "Галеан", "Сантос-Дюмон" жана "Жакарепагуа" Эл аралык аэропортторунун кызматкерлери айлык акыларын көтөрүү талабы менен көтөрүлүшкө чыгышкан. Белгилүү болгондой, бүгүн бул аэропорттордон чемпиондуктун ачылыш аземи өтчү Сан-Паулу шаарына футбол күйөрмандарынын бир бөлүгү учуп кетишмек. 

Эске салсак, жакында Рио-де-Жанейродон полиция тарабынан өлкөнүн Дүйнө чемпиондугун өткөрүүсүнө каршы чыккан "Кара блок" анархиялык уюмунун 17 активисти кармалган эле. 

Маалыматтарда укук коргоо кызматкерлеринин учурда өлкөдө күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жаткандыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан