10-июнь күнү Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси А.Ж. тергөө абагына камакка алынды. Ал шаардык прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында "Токомбаев көчөсүндө көп кабаттуу үйдү куруу үчүн мыйзамсыз документ берген" деп айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү 0,26 гектар жер тилкеси үн жазуучу студиясы бар вокалдык мектепти куруу үчүн 2008-жылдын 28-июнунда КРнын Эл артисти Керим Тураповго берилген.
Бирок 2006-жылдын 21-ноябрында бекитилген өкмөттүн токтомуна ылайык, аталган жер тилкеси жашыл аймакка кирген. Жер кодексине ылайык, жалпы колдонуудагы жерди 5 жылдык мөөнөткө, убактылуу гана колдонууга берүүгө болот.