Бишкек шаарындагы Улуттук китепкана жабылып калуу коркунучунда. Муну парламенттин 12-июндагы жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Депутат Улуттук китепкананын жылытуу тутуму талкаланган абалда экенин, маалымат аталган китепканада өткөн иш-чаралардын биринде айтылганын билдирди. Депутат китепкана быйыл кышта жабылып калышы мүмкүн экенин кошумчалайт. Буга көңүл буруу сунушу өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө айтылды.