Жогорку Кеңеште Төрөбай Зулпукаров менен Бөдөш Мамырованын ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында вице-спикерлер Төрөбай Зулпукаров менен Бөдөш Мамырованын ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Мамырова жыйынды алып барып жаткан кесиптеши Зулпукаровду регламентти сактоого чакырды. "Сиз депутатка микрофон бергенден кийин ал сүйлөп бүткүчө күтүшүңүз керек. А сиз болсо ар бир сөзгө комментарий берип, ортодон чыга калуудасыз. Бул туура эмес, сиздин мындай кылууга укугуңуз жок",- деп билдирди. 
Зулпукаров кесиптешин сабырдуу болууга чакырды. "Сиз мага акыл үйрөтпөңүз, азыр эле сабырдуу бололу деп акыл айтып кеттиңиз. Өзүңүз да сабырдуу болуп, залдан кыйкырбаңыз",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан