Ич кийимдин ичине акча катуу адаты Бразилиянын 17 жаштагы тургунунун өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз 16 жаштагы жигити менен уруша кетип, аны менен мамилесин токтото тургандыгын айткан. Буга териккен жигит кызга ок чыгарган. Жыйынтыгында кыздын бюстгальтеринде катылган 10 жана 50 реалдык монеталар аны бир өлүмдөн сактап калышкан. Тагыраак айтканда, тапанчадан чыккан ок тыйындарга тийген. Жыйынтыгында жеңил жаракат алган кыз ооруканага жаткырылган. "Ооба, ич кийимге акча катуу жаман адат. Анткени алар кир эмеспи. Бирок бул адатым мени өлүмдөн сактап калды",- деген жабырлануучу журналисттерге берген маегинде.
Учурда кыздын жигити камакка алынды. Тергөө иштеринде анын буга чейин бир нече жолу курал менен бирөөлөрдү коркутуп тоногондугу аныкталды. Анын сүйүктүүсүнө ок чыгарган тапанчасы үйүнүн короосунан табылды.