Сокулук районунда “өз атасын өлтүргөн” деп шектелип 24 жаштагы баласы кармалды

Сокулук районунда “өз атасын өлтүргөн” деп шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-июнь күнү саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Фрунзе айылындагы турак үйлөрдүн биринен жансыз дене табылгандыгы тууралуу айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда өлгөн адам 64 жаштагы үй ээси экендиги аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары маркумдун 24 жаштагы баласы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ошол күнү атасы менен баласы мас абалында болушкан. Анан ортолорунда уруш чыгып, баласы атасын баш жакка бир канча жолу колу менен урган. Мындан улам атасы каза болгон. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nakinai
2014-06-12 13:18:07
орустар болсо керек да...
0
Kymyzkyz
2014-06-12 16:26:36
Кыргызстанда эмне эле болуп жатат. Кечээ бироо таятасын балталап олтургон бугун оз атасын олтуруп. Кунуго жанылыкта 5-6 уурулука шектелип кармалгандар. А мен болсо кунуго жакшы жанылыктан умут этип карайм. Тилеке каршы ушундай жанылык коп.
+1
Aikoo2014
2014-06-12 23:13:49
Адам пейили кайда баратат. Тообо кылуудан башка арга барбы,ар бир пендеге ыйман ынсап берсинчи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан