Бишкектеги “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп Анвар Атантаев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тийиштүү буйрукка Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов кол койду.
Айта кетсек, А.Атантаев 2013-жылдын ноябрынан бери Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы болуп иштеп келген.