Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын тургуну өз энесин отургуч менен чаап жиберип, энеси ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Панфилов районунун Күрпүлдөк айылынын 45 жаштагы тургуну үйүнө мас абалында келип, 70 жаштагы энеси менен уруша кеткен. Уруш учурунда энеси баласынын спирт ичимдиктерин ичип жаткандыгына нааразычылыгын билдиргенде уулу апасын отургуч менен чаап жиберген.
Жыйынтыгында 70 жаштагы тургун ооруканага жеткирилген.
Учурда кылмышка шектүү кармалып, ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилип жаткандыгы маалым болду.