КСПД фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 15-январда ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгеледи. Учурда район, айылдарда мектеп директорлору аталган шайлоого катышып депутат болуп шайланып жатканын айткан депутат "Алар үгүттөө учурунда мектеп окуучуларынын атаэнелерин көндүрөт, аларды өзүнө карата үгүт иштерин жүргүзүүгө мажбур кылат. Ошондуктан аларды шайлоого катыштырууга чектөө коюшубуз керек, мектеп директорлоруна депутаттыктан башка деле жумуш толтура" деди.