Депутаттар Ош-Бишкек аба каттамында билет баасы 5000 сомго чыгып кеткенин айтышты

Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева акыркы аптада Ош-Бишкек аба каттамында билет баасы 4600-5000 сомго чыгып кеткенин айтып чыкты. Муну иликтеп чыгууну өкмөткө сунуштады. Айтымында, Москва-Бишкек, Ош-Москва аба каттамдарынын баасы учурда 5600 сомду түзүүдө.

Жыйында депутаттар Бишкек-Исфана аба каттамы эмне үчүн токтоп калганына кызыгышты.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Ош-Бишкек аба каттамы үчүн баалар бир заматта эле жогорулап кетиши боюнча түшүндүрмө берүүнү өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан