Мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-июнда президент
Владимир Путинди Орусия күнү менен куттуктады. Куттуктоодо
"бул майрам сиздин жетектөөңүз менен туруктуу экономикалык өнүгүү, мамлекеттүүлүктү көтөрүү жана эл аралык аренада кадыр-баркты жогорулатуу жолуна түшкөн заманбап Орусияны күбөлөндүрөт" деп айтылат.
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Орусиянын мамилелеринин келечеги, интеграциялык процесстерде бирге кызматташуу ниети тууралуу жылуу пикир айтты.