Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 12-июнда өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Орусия күнү менен куттуктады. Муну өкмөттөн билдиришти.
"Урматтуу Дмитрий Анатольевич! Мамлекеттик майрам - Орусия күнүнө карата чын дилден айткан куттуктоомду кабыл алыңыз. Орусиянын экономикалык жана социалдык өнүгүү тармагында, өлкө турмушунда бир катар реформаларды жасоодо жакшы ийгиликтерге жетишкени Кыргызстанда канааттануу менен белгиленет. Өткөн жылдары Кыргызстан менен Орусиянын достугу, эки тараптуу кызматташтыгы бекемделди жана кеңейди" деп башталган куттуктоодо өлкөлөр ортосундагы мамиленин келечеги боюнча жылуу пикир айтылат.
Жоомарт Оторбаев Орусиянын өкмөт башчысына ден соолук жана ийгилик, Орусияга гүлдөп өнүгүү каалады.