Ольга Лаврова "Кумтөрдүн" айланасындагы кырдаал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизерин айтты

Бүгүн, 12-июндагы маалымат жыйынында КРнын Каржы министри Ольга Лаврова "Кумтөрдүн" айланасындагы кырдаал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизерин айтты. Анын айтымында, министрлик бул багыттагы тобокелчиликтерди эсептеп чыккан. Ольга Лаврова "Кумтөрдүн" Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна жана Социалдык фондго которгон каражаттарын эске алуу керектигин баса белгилеп өттү. "Республикалык бюджеттеги азаюу 2,8 миллиард сомду түздү. Мында "Кумтөр" менен иштешип жаткан ишканалар да жоготууга учурашат. Бул тобокелчиликтер иш жүзүнө ашпайт деп үмүт кылабыз. Бул боюнча өкмөт иштеп жатат. Эки тарап тең тобокелчиликтерди жоё турган чечим кабыл алат деген ойдобуз",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан