Курсан Асанов баш болгон ИИМ кызматкерлери Ысык-Ата районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак-мектебинде болушту

Бүгүн, 15-январда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Краснореченский жатак-мектебинде болушуп, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууга Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баш болгон укук коргоо кызматкерлери барышып, ал жерде тарбияланып жаткан балдардын ой-пикирлерин угушту. Аларга 101 миң  529 сомдук белек, тамак-аш жана кийим-кечелерди тартуу кылышты. 

Айта кетсек, аталган жатак-мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелүү 120 бала тарбияланат 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан