Чоң Чүй каналына унаа түшүп, эки адам каза болду

Чоң Чүй каналына унаа түшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 10:19 чамасында Чоң Чүй каналынын Самансур айылынан өткөн жерине 7 орундуу Мазда унаасы түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, унаанын айдоочусу, 1951-жылы туулган Ниязбек Жунушалиев жана 5 жаштагы небереси Жумабек кызы Аэлитанын жансыз денелерин суудан алып чыгышкан. Учурда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу окуянын чоо-жайы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks83
2014-06-12 21:39:15
жаман болуптур айла жок
0
Aikoo2014
2014-06-12 23:11:21
Ээ ичер суусу тугонсо кандайдыр бир себептер менен жанын алат тура. Жаткан жайлары жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан