"3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип жаткан Үсөн Сакатаевдин соту качан болору белгисиз

"3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелип жаткан Үсөн Сакатаевдин соту качан болору белгисиз. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 12-июнда билдиришти.

Маалыматка караганда, "3 жашар кызын зордуктаган" деп шектелген Үсөн Сакатаевдин соту качан болору азырынча тактала элек. Буга чейин кылмышка шектүүнүн жактоочусу жана туугандары сот отурумдарын жылдырып келишкен эле.

Айта кетсек, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда Үсөн Сакатаевдин иши боюнча сот отуруму болуп, айыпталуучу лезвие менен моюнун кесип жиберген. Кийин өмүрүнө коркунуч жаралбагандыктан, СИЗОго алып барылган болчу.

Эске салсак, өткөн жылы апрелде "өзүнүн 3 жашар кызын сабап, андан соң зордуктап салган" деген шек менен Үсөн Сакатаев аттуу Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалган

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
MilliaRdova88
2014-06-12 15:09:42
Лезвия мн тилип жиберсем ишенишет деди го
0
orun
2014-06-12 17:42:11
"3 жашар кызын зордуктаган" дейби.. Кандай айбанчылык бул. Аллах өзү сактасын!!1
0
aza.kg007
2014-06-13 00:02:12
Мындай адамды сактап эмне кылат ХХХ ХХХ!
0
admin_portal
2014-06-13 11:39:47
aza.kg007 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
tenshi
2014-06-13 06:06:41
Ошол лезвие менен кескилеп салмакмын акмак!
0
Alai.kyzy
2014-06-13 11:15:02
Зордуктаганы чын болсо, далил болсо, неге ошондо эле соттоп, камап коюшпайт?! Туугандары соттун оозун акча м.н жаап коюп жатышкандыр даа. Болбосо эбак эле камалыш керек эле!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан