Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка карата шотландиялык касапчы Жеймс Хэйг учурда ар бир өлкөгө тиешелүү даамдагы сосисканын 33 түрүн чыгарууда. Мисалы, ал орусиялык күйөрмандар үчүн чочко этинен, арак даамданган сосиска жасаган. Ал эми швейцариялыктар үчүн сыр, голландиялыктар үчүн вафли даамданган сосискаларды чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, касапчы: "Ар бир өлкөнүн, улуттун өзүнө тиешелүү тамак-ашы, даамы болот. Мен ушуну эске алып, бул чемпиондукка катышкан 32 өлкөгө арнап сосискаларды жасадым. Азыктын 33-түрү оюнга катышпаса да өз өлкөм Шотландияга, андан келген күйөрмандарга арналган. Буюрса, мен чыгарган азыктар дүкөндөрдүн текчелеринде калбайт деген ишеничтемин",- дейт.