Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында өкмөт демилгелеген “Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Депутаттардын суроолоруна каржы министринин орун басары Таалай Таткулов жооп берди. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыкты.
Таткулов сунушталган мыйзам кабыл алынса, кошумча салыктан Бишкек жана Ош шаарларынын бюджетине 150 миллион сом киреше түшөрүн айтты.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.