Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында “Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда четке кагылды. Кыргызстанда көмөк чордон орнотуу үчүн энергетика тармагындагы ишканаларга жер тилкесин бекер берүүгө багытталган мыйзам долбооруна буга чейин көпчүлүк депутаттар каршы чыгышкан эле.
Депутат
Өмүрбек Текебаев буга чейинки талкуулардын биринде:
"Жер тилкелери өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, байланыш муктаждыктары жана башка багыттар үчүн бекер берилет" деп турат. Эртең бирөө гараж курам десе, ага эмне үчүн жер бекер берилиши керек? Бирөө автобекет курам десе, эмнеге бекер берилиши керек, жооп бергиле. Өндүрүш үчүн деп бирөө чакан устакана кура турган болсо, эмнеге бекер болот? Мыйзам эскирген, муну толук иштеп чыгыш керек”,- деген.