"3 жашар кызын зордуктады" деп шектелген Үсөн Сакатаевдин моюнун кесип жибергени боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан өздүк булактарыбыз 12-июнда билдиришти.
Белгилүү болгондой, сот иштерине ар бир айыпталуучу текшерүүдөн өтүп, анан алынып келет. Айыпталуучунун колунда эч нерсе болбошу керек. Айрым учурларда өзүнө көңүл бурдуртуу же дагы бир башка максаттарды көздөп өздөрүнүн ичин, колун, моюнун кесишет. Бирок алар кан тамырларды, өмүргө коркунуч келтирүүчү органдарды эмес, терилерин, коркунуч келтирбеген жактарын гана кесишет.
Ошондой эле "жаш балдарды зордуктаган" деген күнөөсү такталып, жаза аткаруу мекемесине камакка алынгандардын абактагы адамдардын арасында статусу төмөн болуп, алардын кыймыл-аракети да чектелүү болот.
Үсөн Сакатаевге моюнун кесип жиберген затты кимдир бирөө берген болушу мүмкүн экендиги айтылууда.
Эске салсак, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда Үсөн Сакатаевдин иши боюнча сот отуруму болуп, айыпталуучу лезвие менен моюнун кесип жиберген. Кийин өмүрүнө коркунуч жаралбагандыктан, СИЗОго алынып барган болчу.
Ал өткөн жылы апрелде "өзүнүн 3 жашар кызын сабап, андан соң зордуктап салган" деген шек менен Үсөн Сакатаев аттуу Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы тургуну кармалган.