Депутаттар кесиптеши Ахматбек Келдибековдун маселесин парламенттин 12-июндагы жыйынында карамай болушту. Сунуш биринчи жолу добушка коюлганда өтпөй калды. Мындан кийин “ата журтчу” депутаттар нааразычылык билдиришип, демилгени кайрадан добушка койдурушту. Сунушка 41 депутат “макул”, 17 депутат “каршы” деп добуш беришти. Маселе бүгүн талкууланат.