Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңеште салыкты башкаруу процессин жакшыртуу максатында иштелип чыккан “Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Депутаттардын суроолоруна экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев жооп берди.
Анын айтымында, Салык кодексине көмүскө бизнести ачыкка алып чыгууга, чыныгы ишкерликке колдоо көрсөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилип жатат.
Мыйзам кабыл алынып калса, бизнес мамилелерин түзүү банктар аркылуу накталай эмес төлөм таризинде жүргүзүлө баштайт. Бирок салыктык отчёт мезгилинде, тагыраак айтканда, айына 300 миң сом өлчөмүндөгү соода-сатыктарды накталай акчага жүргүзсө болот. Ошондон улам буга чейин көмүскө бизнес жасап келгендер ачыкка чыгып, кошумча нарк салыгын төлөп турууга аргасыз болот.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.