Кубатбек Боронов: "Кыргызстанда жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен 9 миң үй-бүлө ссуда алуу үчүн кезекте турушат"

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен 9141 үй-бүлө турак үйлөрүн куруу жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн өкмөттөн ссуда алууга кезекте турушат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ЖКнын Социалдык саясат комитетинде Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, кыйроо абалындагы үйлөр азырынча жок, андай үйлөргө өз учурунда ссуда берилген. “2012-жылы табият кырсыгынан жапа чеккен үй-бүлөлөргө 650 миллион сом каралган, бюджеттик кыскартуудан кийин 450 миллион сом калган. Турак үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн 1 миллиард 800 миллион сом керек”, - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан