Мамлекеттик башкаруудагы гендердик тең салмактуулуктун сакталышы дүйнөлүк аренада кызыгуу жаратууда. Муну депутат Роза Акназарова 12-июнда "Парламент" радиосундагы маегинде айтты. Стамбул шаарында өткөн "БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын максаттары жөнүндөгү" эл аралык саммитке дүйнөнүн 42 өлкөсүнүн 306 делегаты катышканын айткан депутат жыйында экологиялык, экономикалык жана социалдык маселелер талкууланганын билдирди.
"Дүйнөдөгү аялзатынын укуктарын коргоо, алардын саламаттык сактоо, билим берүү, экономика маселелери талкууланган саммитте мамлекеттик башкаруудагы гендердик тең салмактуулуктун сакталышы тууралуу да сөз болду. Бул багытта Кыргызстандагы алдынкы тажрыйбалар айтылып, саммитке катышкандардын зор кызыгууларын жаратты",- дейт Акназарова.