Кыргыз Республикасынын тышкы карыздары боюнча акыркы маалыматтарга таянсак, анын суммасы КРнын ички дүң продукциясынын 45 пайызын түзүп, 3 миллиард 241 миллион АКШ долларына жеткен.
Бул тууралуу 12-июнда "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков төмөндөгүлөрдү белгилеп өттү: «Чет өлкөлөрдөн насыя алардан мурда мамлекеттик тышкы карыздар саясаты жөнгө салынышы абзел. Тышкы карыздар боюнча мыйзам жөнгө салынган соң, өлкөнүн өнүгүү планы жана так стратегиясы иштелип чыгышы максатка ылайык болот.
Өкмөтүбүз муну жогоруда айтып кеткендей, иреттүү кылбаганы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ички дүң продукциясынын 45 пайызына жеткен тышкы карыз пайда болуп калды.
Бир кичи ишкана дагы бизнести өнүктүрүүнү пландаштырып жатса, баарынан мурда бизнес-план иштеп чыгат жана ошонун негизинде иш алып барат. Мамлекеттик деңгээлди эми өзүңүз элестете бериңиз».