Ырчы Анжеликанын режиссер Сүйүн Откеевдин “Сен эмне кылмаксың?” толук метраждуу кино тасмасына саундтрек катары жазылган "Достугубуз өчпөсүн" аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Клиптеги кадрлар аталган тасмадан алынган. Айта кетсек, 2012-жылдын июль айынан бери тартылып баштаган “Сен эмне кылмаксың?” көркөм тасмасы февраль айынын орто ченинде Бишкектеги кинотеатрларда экранга чыгат. Бул тууралуу режиссер өзү билдирди. Тасманын өзөгүн 5 адамдын достук мамилесиндеги ар кандай жагдайлар түзөт. “Бүгүнкү күндө дос деген түшүнүктү ар ким ар кандай кабыл алат. Кээ бирөө байлыгына, мансабына, иштеген кызматына карап дос болушса, кээ бир адамдарды чыныгы дос десең болот. Ал эми тасма дал ушул сапатты ачык чагылдырып берүүнү көздөйт” -деди Откеев. Бул тасмада башкы ролдорду актёрлор Уланбек Султангазиев, Арнис Кыдырмышев, Данияр Макашев, Эркин Эгембердиев жана ырчы Анжелика жараткан.