Энергетика министрлиги электр энергиясынын баасына түзөтүү киргизди

Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2014-2017-жылдарга электр энергиясы менен камсыздоонун тарифтик саясатына түзөтүү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жаңы түзөтүү лимит коюуну жокко чыгарат жана электр энергиясын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөйт.

Мындай өзгөрүү коомчулуктун пикирин эске алуу менен киргизилгени айтылды. "Негизинен долбоорду иштеп чыгуучулар калк үчүн тарифти кымбаттатпоону чечти. "Калк" деген колдонуучулар тобунда 1 фаза колдонгондор үчүн 2015-жылдын 1-апрелине чейин баа 1 кВт саатка 70 тыйын өлчөмүндө калат. 1-апрелден тартып бул баа рентабелдүүлүк деңгээли 15 пайызага кошумча инфляциянын деңгээли боюнча жогорулайт. Үч фаза колдонгондорго ушул жылдын 1-июлунан тартып 1 кВт саат электрдин баасы 1,2 сом менен эсептелет. Бирок баа колдонуучуларга инфляцияны эске алып жогорулайтдеп айтылат мекеменин берген маалыматында.

Мындай өзгөртүү саясаты жылытуу мезгилинде электр энергиясына бааны жогорулатпоо максатында кабыл алынган.

"2014-жылдагы электрдин пландалган өздүк наркы 1 кВт саат үчүн 115,67 тыйынды түзгөн. Анын ичинен 96,3 тыйыны Монополияга каршы агенттиги тарабынан бекитилген электрдин өздүк наркы. Ошондой эле ага 15 пайыз рентабелдүүлүк кошулду" деп кошумчаланат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Энергетика жана өнөр жай министрлиги коомдук талкууга Кыргызстанды 2014-2017-жылдар үчүн электр энергиясы менен камсыздоонун орточо мөөнөттүү тарифтик саясаты долбоорун алып чыккан, анда 1-июлдан тартып электр энергиясы менен ысык сууга бааны кымбаттатуу маселеси сунушталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан