"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков: "Коңшу өлкөлөр менен мамиледе болуу мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берет",- деп билдирди.
Бүгүн, 14-июнда КРнын тышкы саясаты тууралуу: "Алыскы туугандан жакынкы кошуна жакын" дегендей, коңшу өлкөлөр менен тыгыз жана жакшы мамиледе болгонубуз аймактагы өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп берет. Биздин өлкөлөрдүн экономикалары бири-бирин толуктоочу мүнөзгө ээ, ошондуктан кызматташууда ут-ут (win-win) тактикасынын негизинде бардык тараптар утуучу варианттар үстүндө иш алып барса болот. Кыргыз Республикасы өзү кол койгон эл аралык келишимдерге ылайык иш алып барып, өзгөчө КМШ, ЖККУ, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кызматташууну өнүктүрүүсү абзел. Кол коюлган эл аралык документтерди иштөөчү абалга алып келүү керек",- деди ал.