Максат Чакиев: "Бир күндө Кыргызстан 20 миң туристти кабыл ала алат"

Бүгүн, 12-июнда чет элдик консулдар менен жолугушуу учурунда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Чакиев: "Бир күндө Кыргызстан 20 миң туристти кабыл ала алат",- деп билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга 3 миллион 65 миң турист келген. Алардын басымдуу бөлүгү КМШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин жарандары. Жалпысынан республикалык бюджетке 560,5 миллион каражат түшүп, ички дүң продукциянын 4,5 пайызын түздү.
Максат Чакиев өлкөдө экотуризм, Жибек Жолу, тоо-лыжа жана тоолорго байланышкан туризмдин түрлөрүнө суроо-талап көп.  
"Кыргызстанда 23 тоо-лыжа базасы бар. КМШга мүчө мамлекеттерде мынча сандагы базалар жокко эсе. Кыргызстандын 90 пайызын тоолор ээлейт. Ошондуктан бул тармакта биздин мүмкүнчүлүктөр көп. Биз инвестиция тартууга кызыкдарбыз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан