Жылнаама, 13-июнь: Мындан 53 жыл мурун Калугада дүйнөдөгү космонавтикага арналган алгачкы музейдин имаратын түптөө иши башталган

* Мындан 88 жыл мурун, 1926-жылы Кыргызстанда Борбордук музейди ачуу иштери башталып, ал үчүн атайын илимий комиссия уюшулган. Илим комиссиянын демилгеси менен Ленинград шаарынан жаш окумуштуу С.М.Абрамзон чакырылып, натыйжада музейди уюштуруу иши жанданган. Кыргыз облустук агартуу бөлүмүнүн өткөргөн кезектеги коллегиясында "Кыргызстандагы Борбордук музейдин жобосу" каралган. Жаңы долбоорго ылайык, музей жетекчилигине Брауде бекитилген.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы америкалык эгиз актрисалар Мэри-Кейт менен Эшли Олсендер Лос-Анжелес шаарында төрөлүшкөн. Кийинки жылы эле 9 айлык эгиз кыздарды биринчи жолу “Полный дом” сериалындагы Мишель Теннердин ролуна экөөнү алмак-салмак тартышкан. Актрисалар "Мгновения Нью-Йорка", "Мексиканские приключения", "Однажды в Риме", "Побеждая Лондон" ж.б. тасмаларга тартылышкан.
* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы Калугада (Орусия) дүйнөдөгү эң алгачкы космонавтикага арналган музейдин имаратын түптөө иши башталган. Анын пайдубалына алгачкы ташты Юрий Гагарин салган. 
13-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан