Парламент “Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбооруна ылайык, Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү менен чет мамлекеттик жарандардын турак жай сатып алуу укугун чектөө каралат.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен турак жай маселесин жөнгө салууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тизмегинен чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды алуусуна макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды алып салуу сунушталат.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, турак жайдын чарчы метрине болгон баа негизсиз жогорулоодо. “Аны сатып алуучулар негизинен чет өлкөлүктөр”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан