Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунунда "Самсунг Галакси с-5" үлгүсүндөгү телефонун уурдады" деген шек менен мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Кадамжай РИИБинен 13-июнда билдиришти.
Анда маалым болгондой, Айдаркен шаарынын Д.Ж. аттуу тургуну автоунаадан 3-июнь күнү «Самсунг Галакси с-5» үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жибергендигин айтып милицияга кайрылган. Аталган факты боюнча Айдаркен шаарындагы мектеп окуучусу А.Т. кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.