Чүй облусунда жолдо бараткан унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Сокулук районунан Алматы-Бишкек жолунун 256-чакырымынан Фольксваген-Венто толугу менен күйүп кеткен. Электр жабдууларын туура эмес куроо кырсыкка себеп болгону айтылууда.
Ошондой эле Кемин районундагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 92-чакырымынан Лексус унаасы жолдо баратып оодарылып кеткен. Жыйынтыгында унаанын кыймылдаткыч жабдуулары күйүп кеткени белгилүү болду. Кырсыктан адамдар жабыркаган эмес.