Бишкек-Балыкчы унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек-Балыкчы жолунда, Кубакы ашуусунда Субару Форестер автоунаасы катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып кеткен. Унаадагы айдоочунун уулу 2005-жылы туулган Д.А., жүргүнчүлөр Ш.Н., С.А. жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу жана аялына куткаруучулар тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.