КСДП фракциясы "Талды-Булак-Сол-Жээк" кениндеги кырдаалды талкуулоодо

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 13-июндагы жыйынында "Талды-Булак-Сол-Жээк" кениндеги кырдаалды кароодо. Жыйында фракция лидери Чыныбай Турсунбеков кендеги жазуулардын баары кытай тилинде жазылганын сынга алып, "кыргызча же орусча жазууга эмнеге болбосун, буга өкмөт чара көрүшү керек" деп билдирди. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда. 
Айта кетсек, март айында КСДП фракциясынын депутаттары аталган кенде болуп кайтышкан. Анда депутаттар кендеги мыйзамсыз иштерди, калдык сактоочу жайдын туура эмес жерге курулуп жатышын сынга алышып, бир катар тапшырмаларды беришкен болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан